Connect with us

Кубатбек Алапаев: «Ага Хан» фонду 40 кичи грантка колдоо көрсөтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Июн 2021 | 2402 | 1

Ош жана Баткен облустарында «Ага Хан» фондусу тарабынан жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу долбоору иштеп жатат. Бул тууралуу аталган фонддун «Коомчулуктун катышуусун жогорулатуу жана социалдык жоопкерчиликти чыңдоо» долбоорунун координатору Кубатбек Алапаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул максатта жалпы каражаттан тышкары да кошумча каражат келген. Долбоордо 77 айылдын жаштарынын бизнесин өнүктүрүүгө чакан гранттар каралган.

Жалпы жонунан фонд 40 кичи грантка колдоо көрсөтө алат. Алардын 2осы жаш ишкерлердин бизнесин өнүктүрүүгө, калган 20сы инновациялык багыттагы долбоорлорду колдоого жумшалат.

Гранттын көлөмү 3 миң доллардан 7 миң долларга чейин. Долбоорду ишке ашырууга кеткен каражаттын  50% ын ишкер өзү чыгарат, калган 50%ын фонд чыгарат.

«CASA- 1000: жергиликтүү коомчулуктарды колдоо» долбооруна 77 айыл кирди

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM