Биз менен байланышыңыз

Ооганстандан Тажикстанга 17 аскер качып кирди

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 1233 | 0

Ооганстандан дагы 17 аскер Тажикстанга качып өттү. Бул тууралуу Тажикстан УКМКсынын Чек ара кызматы билдирди.

27-июнда эртең менен «Талибан» кыймылынын куралчан тобу Ооганстандын Балх провинциясына караштуу Калдор узединин Чукчук жергесинде жайгашкан чек ара пунктуна кол салган. Саат 12:50гө чейин созулган салгылаштан кийин Ооганстандын аскерлери Тажикстан чек арачыларынан уруксат алып, «Шахритус» чек ара отрядынын биринчи посту аркылуу коңшу мамлекеттин аймагына өтүүгө аргасыз болушкан.

«Аталган чек ара аймагында абал оор бойдон калууда. «Талибан» куралчандар тобу менен Ооганстан аскерлеринин ортосунда салгылаш уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 22-июнда талибдер менен болгон салгылаштан кийин Ооганстандан Тажикстанга 134 аскер качып өткөн. Алардын ичинен 4 адам жарадар болуп, 1 адам каза тапканы айтылган.

26-июнда Тажикстандын УКМКсы тажик-ооган чек арасындагы кырдаалга байланыштуу чек ара кызматы өзгөчө режимге өткөнүн билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM