Биз менен байланышыңыз

Мугалимдер Көл жээгинде флешмоб өткөрүштү (видео)

Кыска кабар | 28 Июн 2021 | 814 | 0

Бүгүн, 28-июнда Мугалимдердин III республикалык жайкы фестивалы Көл жээгинде уланууда.

Мугалимдер таңкы саат 8де жээкте флешмоб жасашты.

Атайын бий үйрөткөн хореограф мугалимдерди «Кара жорго» ырына бийлетти.

Бүгүн окутуучулар мугалимдин кесиптик чеберчилигин өркүндөтүү, баарлашуу маданиятын үйрөтүү, сүйлөө чеберчилигин өстүрүү багытында окутууларга катышат.

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында «Окуучу күткөн мугалим» III республикалык жайкы фестивалы өтүүдө.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышы 28-июнда болот. Ага шаар жетекчилиги, коомдук ишмерлер, мугалимдер жана окуучулар катышат.

Өлкөнүн бардык аймактарынан келген мугалимдерге күн сайын окутуулар өтүп жатат.

Фестивалга 100дөн ашык мугалим жана 300дөй окуучу катышып жатат. Аны «Мугалим» илимий педагогикалык журналы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору менен бирге өткөрүүдө.

Иш-чара 27-июндан 3-июлга чейин болот. Ал быйыл үчүнчү жолу уюштурулуп жатат.

Анын алкагында «Рух ордо» маданий борборуна, Кырчын жайлоосуна да саякат уюштурулат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM