Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: Мугалимдердин фестивалынын биринчи күнү (сүрөт)

Кыска кабар | 27 Июн 2021 | 1185 | 0

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында «Окуучу күткөн мугалим» III республикалык жайкы фестивалы башталды.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышы 28-июнда болот. Ага шаар жетекчилиги, коомдук ишмерлер, мугалимдер жана окуучулар катышат.

Өлкөнүн бардык аймактарынан келген мугалимдерге күн сайын окутуулар өтөт.

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун окуучулары өз таланттарын көрсөтөт.

Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан фестивалдын биринчи күнүндө мугалимдер бири-бири менен таанышып, кепка, футболкаларды алышты. Эртеңден тарта расмий иш-чаралар өтөт.

Фестивалга 100дөн ашык мугалим жана 300дөй окуучу катышып жатат. Аны «Мугалим» илимий педагогикалык журналы Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борбору менен бирге өткөрүүдө.

Иш-чара 27-июндан 3-июлга чейин болот. Ал быйыл үчүнчү жолу уюштурулуп жатат.

Анын алкагында «Рух ордо» маданий борборуна, Кырчын жайлоосуна да саякат уюштурулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM