Биз менен байланышыңыз

Индия: Дүйнөдөгү эң кооптуу вирустардын бири аныкталды

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2021 | 688 | 0

Индиянын Улуттук Вирусология Институтунун окумуштуулары жарганаттардан Нипах вирусун (NiV) табышты. Бул тууралуу The Indian Express басылмасы Индиянын Вирусология Улуттук Институту менен биргеликте Медициналык Изилдөө Кеңешинин аныктаган экспертизанын жыйынтыгына таянуу менен билдирген.

Жарганаттарда кездешкен вирус — адамда мээнин сезгениши (энцефалит) же респиратордук оорулар менен мүнөздөлүүчү катуу ооруга алып келиши мүмкүн.  Бул илдет ооруган жаныбардын шилекейи тамып калган жемиштер аркылуу адамдарга жугушу ыктымал. Вирус өзгөчө жугуштуу, ага каршы вакцина же дары-дармек азырынча жок, ага чалдыккан адамдардын 40-75 пайызын өлүмгө дуушар кылаары айтылган.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (WHO) Nipah вирусун планетадагы эң кооптуу вирустардын катарына кошту. Алгач бул вирус 2001 жана 2007-жылдары Индиянын Батыш Бенгалия штатында,  кийин 2018 жана 2019-жылдары Керала штатында дагы эки ирет катталган.

Изилдөөчүлөр 2020-жылдын жаз айларынан бери Сатара штатынын тоолуу шаары Махабалешварда жайгашкан ондогон жарганаттардын түрлөрүн кармап, аларага иликтөө жүргүзүп келишкен. Натыйжада, канаттуу жаныбарлардан NiV РНК жана Nipah вирусуна антителолор бар экендиги аныкталды.

«Индия эпидемия көп кайталанган, вирустан улам, өлүмдүн жогорку көрсөткүчү катталган аймактардын катарына кирет. Өлкөдөгү натыйжалуу вакциналардын же дары-дармектердин жетишсиздиги негизги көйгөйлөрдөн. Буга кошумча, адам өмүрүнө коркунуч жараткан жарганаттар адамдар жыш жайгашкан аймактарды байырлап келет. Андыктан, Индияда вирустун жайылуу көрсөткүчү жогору»,— дейт окумуштуулар.

Буга чейин, дарыгерлер Бразилиянын түштүгүндө коронавирустун жаңы кооптуу түрүн аныктаган. Ал SARS-CoV-2дин «лямбда» штаммы деп аталып, ал Перу жана коңшу Латын Америка өлкөлөрүндө 2020-жылдын жай мезгилинин аягынан бери жайылып келе жатат.

Ошол эле учурда, Түштүк Америкада COVID-19дун жаңы кооптуу варианты табылып, Европага жетип, Улуу Британияда катталгандыгы маалымдалган.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM