Биз менен байланышыңыз

Мирзиеев журналисттердин ишине тоскоол болгон чиновниктердин жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2021 | 558 | 0

Мирзиеев журналисттердин ишине тоскоол болгон чиновниктердин жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал басма жана массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин күнүнө карата жасаган куттуктоо сөзүндө билдирген.

Ал азыркы тапта бийлик үчүн журналисттердин ишмердүүлүгүн коргоо, мамлекет менен коомдун ортосундагы диалогду бекемдөө, коомдук көзөмөлдү орнотуу маанилүү иштердин бири экенин белгилеген.

«Административдик кодексте массалык маалымат каражаттарынын ишине тоскоол болуу, цензура орнотуу, редакция кызматкерлерине басым кылуу, алардын материалдарын жана керектүү техникалык каражаттарын тартып алуу, ишине кийлигишүүгө аракет жасаган мамлекеттик орган жана уюмдардын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүү керек», — деген ал.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда жалпы 1 миң 893 маалымат каражаты катталган. Алардын ичинен 638и же 33,7%ы интернет-басылма болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM