Биз менен байланышыңыз

Бээжинде Олимпиада кыштагынын курулушу аяктады

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2021 | 310 | 0

Бээжинде 2022-жылы өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына карата Олимпиада кыштагынын курулушу аяктады. Бул тууралуу «Синьхуа» агенттиги жазды.

Аталган кыштак Олимпиаданы уюштуруу комитетинин пайдалануусуна берилген. Ал Бээжиндеги Олимпиадалык спорт борборунун түштүгүндө жайгашкан. Кыштакта 20 турак имараты салынып, анын аянты 330 миң чарчы метрди түзөт.

Кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылы 4-20 февраль күндөрү Бээжинде болуп өтөт. Бээжин жайкы жана кышкы Олимпиада оюндары өткөн биринчи шаар болуп калат. Эскерте кетсек, Кытайдын борбор калаасында жайкы Олимпиада оюндары 2008-жылы өткөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM