Биз менен байланышыңыз

Тышкы башкаруу киргизилгенден бери «Кумтөрдө» 44 миң унция алтын сатылды

Кыска кабар | 27 Июн 2021 | 456 | 0

«Кумтөр Голд Компани» ишканасында тышкы башкаруу киргизилгенден бери 44 миң унция алтын сатылды. Бул тууралуу аталган компания билдирди.

Ишканадан белгилешкендей, жыл башынан бери Кумтөрдө 161 миң 60 унция алтын казып алынган. Быйыл Кумтөрдө 470-510 миң унция же 14,62-15,86 тонна алтын өндүрүп алуу пландалууда.

44 миң унция алтынды сатуудан 82 млн 234 миң доллар жалпы киреше түшкөн. Андан алтынды өндүрүүгө кеткен чыгымдарды (өздүк нарк 41 млн 952 миң доллар) кемиткенде дүң киреше 40 миң 282 миң долларды түзгөн.

«Алтындын баасынын өйдө-ылдый болгонуна байланыштуу биринчи партиядагы 16 миң унция алтындын бир унциясы 1 миң 813,15 доллардан, экинчи партиядагы 28 миң унция алтындын бир унциясы 1 мин 893,15 доллар сатылды», — деп билдирет ишкана.

Эскерте кетсек, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына убактылуу тышкы башкаруу быйыл 17-майда киргизилип, тышкы башкаруучу болуп Теңгиз Бөлтүрүк дайындалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM