Биз менен байланышыңыз

Жапаров Түркмөнстанга расмий иш сапары менен учуп кетти (делегациянын курамы)

Кыска кабар | 27 Июн 2021 | 1426 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда, Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) эки күндүк расмий иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапарынын алкагында Жапаров Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Жолугушууда эки жана көп тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, ошондой эле региондук жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара байланышуунун актуалдуу маселелерин талкуулоо мерчемделген.

Президент ошондой эле кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышат жана Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсү менен таанышат.

Андан тышкары, Жапаров туңгуч президент Сапармурат Ниязовдун күмбөзүнө жана «Turkmenbashynin Ruhy Metjidi» мечитине барат. Ошону менен бирге Түркмөнстандын Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар коёт.

Президентти коштоп кеткен расмий делегациянын курамы:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;

— Кыргызстандын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талант Султанов;

— транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева;

— өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

— энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Таалайбек Ибраев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM