Биз менен байланышыңыз

Бир күн ичинде коронавирус 992 кишиден табылып, 6 адам каза болду

Кыска кабар | 27 Июн 2021 | 385 | 0

Бүгүн, 27-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 992 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 567, Ош шаарында — 34, Чүй облусунда — 137, Ош облусунда — 42, Талас облусунда — 13, Нарын облусунда – 22, Ысык-Көл облусунда — 28, Жалал-Абад облусунда — 84, Баткен облусунда — 65 адамдан табылган.

Ошол эле учурда 550 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 6 адам каза болгон: Бишкекте – 3, Жалал-Абад облусунда – 2, Чүй облусунда – 1 киши.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 2 миң 995 адам, ал эми амбулатордук түрдө 6 миң 357 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 40 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 1 миң 929 адамдын абалы орто оор, 899 киши оор жана 127 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 120 миң 865 учур катталды. Анын ичинен 108 миң 465 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 977 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM