Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун расмий сапарына карата Ашхабадда кыргыз-түркмөн экономикалык форуму өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 27 Июн 2021 | 541 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын алкагында Ашхабадда кыргыз-түркмөн экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги жазды.

25-июнда Министрлер кабинетинин мүчөлөрү президент Гурбангулы Бердымухамедовго Жапаровдун сапарына карата көрүлгөн даярдыктар тууралуу маалымат берген.

Форумга Кыргызстан менен Түркмөнстандын экономика жана каржы, энергетика, өнөр жай, саламаттык сактоо, маданият, спорт, бизнес тармагынын өкүлдөрү катышат.

Экономикалык форум менен бирге Түркмөнстандын экспортко чыгарган продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулат Көргөзмөдө мунай-газ, энергетика,  транспорт жана байланыш, айыл жана суу чарба, химия өнөр жайы жана башка тармактарындагы жетишкендиктери жана экспорттук потенциалы көрсөтүлөт.

Бердымухамедов аймактагы коңшу мамлекеттер, анын ичинде маданий, руханий жана достук байланыштар бириктирип турган Кыргызстан менен алаканы бекемдөө Түркмөнстандын тышкы саясатындагы башкы багыттарынын бири экенин белгилеген. Аны менен бирге ал Кыргызстандын президентинин расмий сапарына карата жогорку деңгээлде даярдык көрүүнү тапшырган.

Белгилей кетсек, Жапаровдун Түркмөнстанга расмий сапары 27-28-июнь күндөрү болуп өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM