Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда эки окуу жайдын бухалтерлери 22,5 млрд сум уурдап алган

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 750 | 0

Өзбекстанда эки окуу жайдын бухалтерлери 22,5 млрд сум (2 млн 127,4 миң доллар) уурдап алган. Бул тууралуу Өзбекстандын Эсеп палатасы билдиргенин kun.uz сайты жазды.

Эсеп палатасы билдиргендей, Карши инженердик-экономикалык институттун бухалтерлери документти жасалмалап 21 млрд сум, ал эми Жизак политехникалык институтунун бухалтерия кызматкерлери 1,5 млрд доллар уурдап алган.

«Бухгалтерлер түшүнүк каттарында аталган каражатты уурдап алганын мойнуна алышкан. Бул иш боюнча чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди», — деп билдирген Эсеп палатасы.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын Борбордук банкынын сайтындагы курс боюнча 1 доллар 10 миң 576 сум турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM