Биз менен байланышыңыз

Чехияда катуу торнадо жүрүп, үйлөр талкаланды, каза болгондор да бар

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 492 | 0

25-июнга караган түнү Чехиянын түштүк-чыгышында, Австрия менен Словакиядан алыс эмес аймакта катуу торнадо жүрүп, бир нече конуш жана Годонин шаарын кыйроого учуратты. Бул тууралуу ВВСˈнин орус кызматы жазды.

Жаратылыш кырсыгынан кеминде 300 адам жабыркаганы жана каза болгондор да бар экени айтылууда.

Кыйроого алып келген торнадонун ылдамдыгы саатына 267-322 чакырымга жеткен.

Кырсык болгон аймакта өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Азыркы тапта ал жакта куткаруучулар жарандарга жардам берип, уранды алдында калган адамдарды издөө иштерин жүргүзүүдө.

Чехиялык куткаруучуларга жардам берүү үчүн Австрия менен Словакиядан куткаруучулар барган.

Бийлик кырсыктан жабыркагандарга алгачкы кенемте катары 2,7 миң доллар берүүнү сунуштоодо. Ошондой эле өлкөдө жабыркагандарга жардам чогултуу иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM