Биз менен байланышыңыз

26-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 256 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 26-июнда түнкүсүн Чүй өрөөнүнүн көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…29;

Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;

Нарын дубанында түнкүсүн 5…10, күндүз 17…22.

Бишкекте 26-июнда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 27….29 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM