Биз менен байланышыңыз

Аскар Сыдыков: Президент менен жолугушууда системалык маселелер көтөрүлгөн жок

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Июн 2021 | 1296 | 0

Президент менен жолугушууга бизнес ассоциация өкүлдөрү чакырылса болмок. Мындай пикирин Кыргызстандагы ишкерлердин эл аралык кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жолугушууга жеке ишкерлер гана барган.

«Алар болсо, көп нерсени айта албайт, коркот. Анткени эртең эле аларга келиши мүмкүн. Ал эми биз, ассоциациялар, айта алабыз, анткени ишкерлик менен түздөн-түз алектенбейбиз. Ишкерлердин үнүн жеткиребиз. Ошон үчүн мындай жолугушууларга сөзсүз катышышыбыз керек болчу», — дейт ал.

Ал жолугушуу тууралуу ЖМКларда чагылдырылган материалдарга таянуу менен көбүнчө майда-чүйдө индивидуалдык маселелер каралды деген ойдо калганын билдирди.

«Экономиканы көтөрүү жолдору, алган багытыбыз, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сыяктуу системалык маселелер дээрлик болгон жок окшойт. Көбүнчө майда-чүйдө индивидуалдык маселелер каралды. Мурунку жолугушуулардын жыйынтыгы менен протокол түзүлчү. Бул жолу түзүлгөн жок окшойт. Протокол түзүлбөсө, иш деле жүрбөйт. Анткени мамлекеттик бюрократиялык аппарат ушундай иштейт. Бирдеме бекитилсе, ошондо же чечилет, же бир чара көрүлөт, же жок эле дегенде «бул себептерге байланыштуу аткарылбайт» деген кагаз келет», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM