Connect with us

Жалпы республикалык тестирлөөгө 44 миңден ашык абитуриент катышты

Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 424 | 2

Кыргызстанда быйыл жалпы ресубликалык тестирлөөгө 44 миң 416 бүтүрүүчү катышты. Бул тууралуу басма сөз жыйында Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров кабарлады.

Тестирлөөгө кечирээк катышкандардын жыйынтыктары чыга элек, алар эсепке 1-июлда кошулат.

Тестирлөөнүн орточо баллы 120,5 баллды түзөт. Босого балл — 110 баллдан жогору алгандар 25 миң 284 абитуриент. Бул жалпы бүтүрүүчүлөрдүн 60 пайызы.

Ал эми 105 балл алгандардын саны 28 миң 110го жетти.

Былтыр жалпы республикалык тестирлөөгө 43 миң 963 бала катышкан. Босого баллдан өткөндөр 25 миң 332ни түзгөн.

2 пикир

2 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM