Биз менен байланышыңыз

Быйыл 700 ишкерге алкоголь өндүрүүгө лицензия берилди

Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 237 | 0

Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери мыйзамсыз жүгүртүүдөгү жасалма жана акциздик маркалары дал келбеген жалпы 51 млн 111,9 миң сом суммадагы 262 миң 327 бөтөлкө алкоголдук продукцияны тартып алды.

Мындан тышкары, мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы 10,5 млн сом суммасында акциздик маркасыз 148 миң 692 куту тамеки продукциясы тартып алынган. 

Алкоголдук продукцияны өндүрүү, сактоо жана сатуу боюнча иш алып барган ишканага жүргүзүлгөн 189 текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык мыйзамдарын бузган 182 факт аныкталган. Натыйжада 1 млн 356 миң сом айып салынган, алардын ичинен бюджетке 1 млн 281 миң сом өндүрүлгөн.

Ошондой эле жыл башынан бери 658 ишкер субъектиге алкоголдук продукцияларды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия берилген. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү, жүгүртүү боюнча иштерди жүргүзүү үчүн жыйымдар 20 млн 480 миң сомду түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM