Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Марипов элди жоопкерчиликтүү болууга чакырды

Кыска кабар | 25 Июн 2021 | 410 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов COVID-19 пандемиясы шартында ар бир жаран өз жакындарынын өмүрү жана ден соолугу үчүн социалдык жоопкерчиликти сезиши керектигин айтты. Бул тууралуу ал эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу өткөн кезексиз жыйында билдирди.

Мариповдун айтымында, Министрлер кабинети кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүүнү көздөбөйт. Ошону менен катар эле ар жаран жоопкерчиликти сезе билиши керек.

«Бул коронавируска каршы биргелешкен күрөшкө салымыбыз болот. 2020-жылдагы «кара июль» кандай болгондугун унута элекпиз. Бул кайгылуу окуялардын кайталанышын эч ким каалабайт. Ар бирибиздин ден соолугубуз жөнөкөй санитардык ченемдерди сактоодон көз каранды. Өзүңүздүн жана жакыныңыздын өмүрүнө коркунуч келтирбеңиз, эл көп чогулган жерлерден алыс болуңуз, тойлорго жана башка ири иш-чараларга барууну чектеңиз», – деди Улукбек Марипов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM