Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстанда сугат жерлердин 23%ы гана суу сактагыч аркылуу сугарылат»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июн 2021 | 493 | 0

Кыргызстанда сугат суу тартыш болгон жылдар буга чейин деле далай болуп келген. Бул тууралуу Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин директорунун орун басары Абдыбай Жайлообаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 1974-жылы Кыргызстан үчүн мындан да оор болгон. Кийин суу тартыштыгы 2003-2008-2014-жылдары кайталанган.

«Бирок ал учурда тартип бар эле. Каналдарыбыз долбоордо көрсөтүлгөн тартипте иштеп турчу эле. Эгемендик алгандан бери суу тармагына акча жылдан жылга аз бөлүнүп жатат. Каналдар, насостук станциялар, суу сактагычтар оңдолбой, тазаланбай калды», — дейт ал.

Бирок анын айтымында, Кыргызстандагы 1 млн 24 миң гектар сугат жердин 23%ы гана суу сактагычтардагы суу менен сугарылат. Калганына суу тоодон түшөт.

«Быйыл 10-апрелге чейин суу сактагычтардын баарына 100% суу топтолгон. Бирок биздин сугат жерлердин 77%ы тоодон түшкөн суу менен сугарылат. Быйыл тоодон түшкөн суу аз болуп жаткандыктан суу тартыштыгы көйгөйү ошондон жаралып жатат», — деди Жайлообаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM