Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы тажик чек арачылары кармап турган айдоочу боюнча маселени көзөмөлгө алды

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 819 | 0

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов Тажикстандын чек арачылары кармап турган жүк ташуучу унаанын айдоочусу, кыргызстандык Виталий Щульц менен байланышкан кырдаалды көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Эскерте кетсек, «Кактус медиа» сайтына эл аралык каттам боюнча жүк ташыган Кыргызстандын жараны өзбек-тажик чек арасында кармалып турганы тууралуу маалымат чыккан. Анда Виталий Щульцту тажик чек арачылары «Кыргызстанда тажик жарандары менен алардын мүлкү кармалганы үчүн туткунга алындың» деп, Тажикстан менен Өзбекстандын чек арасында (Ташкент облусундагы «Ойбек – унаа жолу» көзөмөл өткөрмө жайына жакын жерде) кармап турганы айтылат.

Виталий Щульцтун айтымында, тажик чек арачылары ага унаасын таштап, Тажикстандан чыгып кете аларын айтышкан.

«Кечээ Оштон кыргызстандык номерлер тагылган 6 унаа келген. Алар да Кыргызстандын жарандары болушат. Аларга да унаасын калтырып, өздөрү өлкөдөн чыга аларын айтышкан», — деген ал.

Бул окуяга байланыштуу Мамытов Акыйкатчы аппаратынын тиешелүү бөлүмүнө Виталий Щульц жана башка кыргызстандык айдоочулардын укуктарын коргоого жардам берүү өтүнүчү менен Тажикстандын акыйкатчысы Умед Бобозодага кайрылууну тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM