Биз менен байланышыңыз

Армения Түркиядан импорт кылууга киргизилген тыюу салуунун мөөнөтүн узартты

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 460 | 0

Армения Түркиядан товарларды ташып келүүгө салынган тыюунун убактысын дагы алты айга узартты. Ал тыюу салуунун киргизилгенине июнь айынын соңунда толук алты ай болот.

«Тыюу салуунун мөөнөтүн дагы алты айга узартуу Түркияга карата экономикалык санкция катары гана эмес, коопсуздук жактан маанилүү болгондуктан армяндыктардын эсебинен Түркия бюджетинин каржылануусун токтотуу катары каралууда», — деген Экономика министринин орун басары Ваан Керобян.

Анын айтымында, акыркы алты айда Түркиядан ташылган импорттун көлөмү 70%га азайган.

2019-жылы Түркиядан Арменияга 268,1 млн долларлык товарлар импорттолгон. Негизинен анда Түркиядан кийим-кече, цитрус жемиштери, жабдыктар, мунай жана мунайзаттары, химиялык товарлар ж.б. ташылып келген. 2020-жылы импорт 90 млн долларга чейин азайган.

Армения Түркиядан импорт кылууга тыюу салууну Тоолуу Карабах үчүн болгон согушка байланыштуу октябрь айында киргизген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM