Биз менен байланышыңыз

БУУнун Башкы ассамблеясы АКШнын Кубага карата санкцияларын алууга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 451 | 0

Кечээ, 23-июнда БУУнун Башкы ассамблеясы АКШнын Кубага карата санкцияларын алууга чакырды.

Тиешелүү резолюцияны 184 мамлекет колдогон. АКШ менен Израиль бул чечимге каршы добуш берген. Ал эми үч мамлекет добуш берген эмес.

Мындай резолюция 1992-жылдан бери добушка коюлуп, колдоо таап келет.

«Резолюция декларациялык мүнөзгө жана саясий мааниге ээ: жарым кылым мурда киргизилген санкцияны АКШнын конгресси гана ала алат», — деп айтылат.

Отурумга катышууга келген Кубанын Тышкы иштер министри Бруно Родригез Парилла Вашингтондун экономикалык санкцияларын «Куба элинин укугун бузуу» катары баалаган. Анын айтымында, санкциялардын айынан алардын өлкөсү ири чыгымга учурап, пандемия менен күрөшүүдө керектүү медициналык жабдууларды ала албай кыйналып жатышат.

Ошол эле учурда АКШнын БУУдагы миссиясынын өкүлү Родни Хантер америкалык санкциялар Кубадагы демократияны жана ал өлкөнүн жарандарынын укук жана эркиндиктерин колдоо үчүн Вашингтон тарабынан колдонулган курал экенин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM