Биз менен байланышыңыз

Зеленский 18-июлда Грузияга расмий сапар менен барат

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 348 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский 18-июлда Грузияга расмий сапар менен барат.

Кечээ, 23-июнда Киевге расмий сапар менен барган Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили биргелешкен маалымат жыйында Зеленскийди өз өлкөсүнө чакырганын айткан.

Ал келерки жылы грузин-украин мамилелеринин 30 жылдыгы белгиленерин айтып, эки өлкөнүн алакасы арта берерин билдирген.

Белгилей кетсек, Саломе Зурабишвили Украинага 2019-жылы бармак. Бирок ал сапар Украинанын өтүнүчү менен 2020-жылга жылдырылган. Былтыр 7-майда Украинанын президенти Владимир Зеленский Грузиянын мурунку президенти Михаил Саакашвилини Украинанын Реформалар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы кылып дайындаган. Ага каршылык катары Тбилиси Киевдеги элчисин кеңешүүгө чакыртып алган.

Быйыл 9-апрелде Зурабишвили Донбасстагы кырдаалга байланыштуу Украинага тилектештигин билдирип, Грузин Өкмөтүнө элчини Киевге кайтарууну тапшырган. 22-апрелде Украинанын Тышкы иштер министрлиги элчи Киевге келгенин билдирген. 16-17-майда Киевге Грузиянын Өкмөт башчысынын орун басары, Тышкы иштер министри Давид Залкалиани барган. Ал эми 3-июнда Тбилисиге Украинанын премьер-министри визит жасаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM