Биз менен байланышыңыз

Япония Курилдеги машыгууларга байланыштуу Орусияга каршылыгын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 356 | 0

Япония Курил аралдарынын түштүгүндө өткөрүп жаткан аскердик машыгууларына байланыштуу Орусияга каршылыгын билдирди. Бул тууралуу Япониянын Министрлер кабинетинин башкы катчысы Кацунобу Като айтканын «ТАСС» агенттиги жазды.

Агенттик жазгандай, машыгууларга Орусиянын Тынч океан флоту жана Чыгыш аймагынын аскер бөлүктөрү катышууда.

«Орусиялык аскерлердин түндүк аймактагы (минтип Япония Курил аралдарынын түштүгүн атайт – «ТАСС») аракеттерине көз салып турабыз. Ал аралдарда Орусиянын аскерлеринин болушу, анын ичинде мындай машыгуулардын өткөрүлүшү биздин позициябызга каршы келгендиктен 23-июнда дипломатиялык каналдар аркылуу каршылыгыбызды билдирдик», — деген Кацунобу Като.

23-июнда Чыгыш аскердик аймагынын басма сөз кызматы Сахалин, Итуруп жана Кунашир аралдарында, ошондой эле Япон деңизинин акваториясында машыгууларды башташканын билдирген. Машыгууларга 10 миң аскер, 500 аскер техникасы жана 12 кеме катышары айтылган.

Москва менен Токио Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгы боюнча тынчтык келишимин иштеп чыгуу үчүн көп жылдардан бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Бирок Курил аралдарынын түштүк бөлүгү боюнча ача пикирде болушкандыктан, алар бир келишимге келе элек. Япония Итуруп, Кунашир, Шикотана жана башка майда аралчаларды өзүнө таандык экенин айтса, Орусия ал аймактар өзүнүкү экенин жана ал эл аралык укуктук жактан ырасталганын билдирип келет. Аталган архипелаг Советтер Союзунун курамына Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин киргизилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM