Биз менен байланышыңыз

Эл аралык «Ала-Тоо» университетине тапшыруу жолдору, артыкчылыктары

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Июн 2021 | 1090 | 0

Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин кабыл алуу комиссиясынын адиси Аида Бөрүбаева окуу жайга тапшыруу жолдору, билим берүү мекемесинин артыкчылыктары тууралуу «Маралга» берген маегинде айтып берди.

Анын айтымында, окуу жайга өтүү үчүн Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң аз дегенде 110 балл алуу керек. Баллы жетпей калгандарга да мүмкүнчүлүк берилет. Университетке жыл сайын миңдей абитуриент кабыл алынат, жыл сайын 500дөй бүтүрүүчү аяктайт.

Студенттердин баллы дал келсе, алар менен келишим түзүлөт, анда канча жыл окуй турганы, кандай жеңилдиктер бар экени, контрагы канча болору тууралуу маалымат берилет. Ар бир кесиптин окуу акысы ар кандай, эң аз дегени 100 миң сом.

Эл аралык «Ала-Тоо» университети — студенттер үчүн өздөрүн өздөштүрүүгө, бир кесипке дайындоого мүмкүнчүлүк берүүчү шаарча. Эртең менен келген студент окуу жайдан кечинде чыгат. Студенттер үчүн китепканалар, лабораториялар иштейт. Окуу жайда эс алуу үчүн да шарттар каралган. Тамактануу үчүн мини кафетерийлер, студенттер үчүн ашканалар бар.

«Биз колдон келишинче ар бир студент менен жекече мамиле кылганга аракет кылабыз. Бир көйгөйү болсо, же теманы түшүнбөй калса, кимге, кайсы саатта кайрылса болорун чечип беребиз. Билим берүү англис тилинде. Бул — англис тилинде бир кесипке ээ болоюн деп кыялданып жүргөн студенттер үчүн жакшы шарт. Ал эми, тил билбегендерге тамгадан баштап үйрөтүп алабыз», — дейт Аида Бөрүбаева.

Белгилүү NICE компаниясында эмгектенген Нурилес — эл аралык «Ала-Тоо» университетинин бүтүрүүчүсү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM