Биз менен байланышыңыз

«ЖЭБдин энергия өндүрүүсүн көбөйтүү боюнча иш жүрүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Июн 2021 | 534 | 0

Учурда ЖЭБдин электр энергия өндүрүүсүн көбөйтүү боюнча иш алып барылууда.  Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин энергия менен камсыздоо жана генерация башкармалыгынын башчысы Максат Жумабаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, былтыркы-мурдагы жылдары ТЭЦтин иштеп чыгуусу жайкысын 55 мегаватт болчу, азыр 155 мегаваттка чейин көтөрүлдү.

«Былтыр, 2020-жылдары 1 млрд 400 киловатт/саат өндүрсө, быйыл 2 млрд 500 млн киловатт/саат өндүрүү пландалууда», — дейт ал.

Жумабаев элди энергияны үнөмдөөчү лампаларды колдонууга, турак жайын жылуулап, терезелерин алмаштырып, табигый жарыкты көп колдонууга, электр энергиясын үнөмдүү сарптай турган турмуш-тиричилик техникаларын колдонууга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM