Биз менен байланышыңыз

Олимпиада оюндарына качкындар курамасы катышат

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 468 | 0

Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына качкындар курамасы катышат. Эл аралык Олимпиада комитети Токиодогу оюндарга катышуусу үчүн 29 спортчудан турган кураманы каттаган.

Алар Олимпиада оюндарында спорттун 12 түрү боюнча күч сынашат.

Качкындардын олимпиадалык курамасына 11 мамлекеттин: Ооганстан, Венесуэла, Конго Демократиялык Республикасы, Эритрея, Иран, Ирак, Камерун, Конго Республикасы, Сирия, Судан жана Түштүк Судандын спортчулары кирген. Анын баары: куугунтук жана зордук-зомбулуктун айынан өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болгондор. Алар 23-июлдагы оюндардын ачылышында Олимпиаданын туусун көтөрүп чыгат.

БУУнун качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы Олимпиада комитетин колдоп, качкындардын мындай ири мелдештерге катышуусу алардын көйгөйлөрүнө дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурарына ишенимин билдирген.

Эскерте кетсек, качкындардан түзүлгөн курама алгач ирет 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадага катышкан. Анда Качкындардын курамасына Сирия, Конго Демократиялык Республикасы, Түштүк Судан, Эфиопия, Сириядан 10 спортчу катышкан. Алар сууда сүзүү, дзюдо жана жеңил атлетика боюнча жарыштарда күч сынаган.

2018-жылы Эл аралык Олимпиада комитети Рио-де-Жанейродо башталган демилгени улантып, Токиодогу оюндарга качкындардын экинчи курамасын түзө баштаган.

Токиодогу Олимпиада (ошондой эле Паралимпиада) оюндары былтыр өткөрүлүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Быйыл Олимпиада мелдештери 23-июлдан 8-августка чейин, ал эми Паралимпиада 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM