Биз менен байланышыңыз

Азиз Сапаралиев: Жаңы автобустарга айдоочулар керек

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Июн 2021 | 384 | 0

«Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясы тажрыйбалуу айдоочуларды издейт. Бул тууралуу аталган компаниянын башкы директору Азиз Сапаралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда жүздөй адам ишке кабыл алынды. Дагы 600гө жакын айдоочу керек болууда.

«Автобус айдаганды билген, жол эрежелерин так сактаган адамдар болсо, биз аларды жумушка алууга даярбыз. Баш-аягы дагы 600 айдоочу керек», — дейт Сапаралиев.

Компания менен кызматташууну каалаган айдоочулар 0220 020210; 0220 020246 номурларына байланышып, кенен маалымат алышса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM