Биз менен байланышыңыз

Азиз Сапаралиев: Жаңы автобустардын баасын айтууга болбойт

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Июн 2021 | 775 | 0

Өзбекстандан алынып келип жаткан автобустардын баасы тууралуу азырынча айтууга болбойт. Бул тууралуу «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясынын башкы директору Азиз Сапаралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, автобустарды сатып алуу тууралуу завод менен келишим түзүп жатканда, транспорт каражатынын наркын купуя кармоо тууралуу талап болгон. Мындан улам, долбоор ишке ашып бүткөнчө, баасын айтууга болбойт.

«Автобустун баарын алып келип алгандан кийин гана баасы канча болгонун айта алабыз. Бирок буга мамлекеттин бир да сому кеткен жок. Жеке ишкерлердин каражатына алынып жатат», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM