Биз менен байланышыңыз

Үч жылдын ичинде Бишкекке миңден ашык автобус алынып келет

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Июн 2021 | 496 | 0

Бүгүн каттамга чыккан жаңы автобустар эки жылдык кепилдиги менен сатылып алынды. Бул тууралуу «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясынын башкы директору Азиз Сапаралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, автобустар ISUZU япон автоунаа куруучу компаниясынын Өзбекстандагы өкүлчүлүгүндө быйыл чогултулуп, жасалды. Ичинде жүргүнчүлөр үчүн 18 орундук болот, жалпы  36 киши батат. Жол кире  акысы — 8 сом.

«Бүгүн шаар ичине 3 маршруттук каттам боюнча 50 автобус чыгарылды.  Шаар ичиндеги көп каттамдарды камтыган, ошол эле учурда транспорт барбаган конуштарды киргиздик. Мисалы: Боталиев көчөсү менен Маевкага чейин мурун маршруттук таксилер, автобустар каттачу экен. Кийин токтоп калыптыр. Ошол багытка биз 20 автобус бөлдүк», — дейт Сапаралиев.

Мэрия менен түзүлгөн келишим боюнча, 2021-жылга карата «Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» компаниясы газ менен жүргөн 350 автобус алып келет. 2022-жылы дагы 350, 2023-жылы дагы 350 автобус. Баш-аягы заводдон миңден ашык автобус алуу макулдашылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM