Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду түзүлөт

Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 366 | 0

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун карап жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы бул макулдашууга быйыл 11-мартта Ташкент шаарында кол коюлган.

Макулдашууга ылайык, фонд эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташууга көмөктөшүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында түзүлөт.

Фонд Кыргызстандын аймагында катталып, иштеген ишкерлерге каржылык колдоо көрсөтөт.

Башында фонд 50 млн доллар уставдык капиталы менен түзүлгөн. Кийин аны 200 млн долларга жеткирүү пландалган. Каражатты Өзбекстан тарап берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM