Биз менен байланышыңыз

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили 23-июнда Украинага барат

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 525 | 0

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили эртең, 23-июнда Украинага расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Грузия лидеринин администрациясынан билдиришти.

Зурабишвилинин бул сапары эки өлкөнүн мамилеси жөнгө салынгандан кийин жасалууда.

Киевге болгон сапарынын алкагында ал Украинанын президенти Владимир Зеленский менен көзмө-көз жана кеңири форматта жолугушуу өткөрөт.

Андан тышкары Зурабишвили Украинанын өкмөт башчысы Денис Шмыгаль жана Жогорку Раданын төрагасы Дмитрий Разумков менен да жолугат.

Белгилей кетсек, Саломе Зурабишвили Украинага 2019-жылы бармак. Бирок ал сапар Украинанын өтүнүчү менен 2020-жылга жылдырылган. Былтыр 7-майда Украинанын президенти Владимир Зеленский Грузиянын мурунку президенти Михаил Саакашвилини Украинанын Реформалар кеңешинин аткаруу комитетинин төрагасы кылып дайындаган. Ага каршылык катары Тбилиси Киевдеги элчисин кеңешүүгө чакыртып алган.

Быйыл 9-апрелде Зурабишвили Донбасстагы кырдаалга байланыштуу Украинага тилектештигин билдирип, Грузин Өкмөтүнө элчини Киевге кайтарууну тапшырган. 22-апрелде Украинанын Тышкы иштер министрлиги элчи Киевге келгенин билдирген. 16-17-майда Киевге Грузиянын Өкмөт башчысынын орун басары, Тышкы иштер министри Давид Залкалиани барган. Ал эми 3-июнда Тбилисиге Украинанын премьер-министри визит жасаган.

Саакашвили 2004-2013-жылдары Грузиянын президенти болгон. Президенттик ыйгарым укуктары аяктаар алдында өлкөдөн чыгып кеткен. Андан кийин ага карата бир нече кылмыш иши козголуп, айрымдары боюнча сот өкүмү чыккан. Саакашвили ага тагылган айыптар саясий өңүттөгү иштер экенин айтып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM