Биз менен байланышыңыз

Димаш Кудайбергенов «Жаңы толкун» сынагында калыс болот

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 527 | 0

Казакстандык белгилүү ырчы Димаш Кудайберген «Жаңы толкун» сынагына катыша турганын айтты. Бул тууралуу интернет баракчасына жазды.

«Достор, мен «Жаңы толкун «сынагына катышарымды расмий тастыктайм. Ага калыстар тобунун мүчөсү жана конок катары катышам. Жолугабыз!» — деп жазган.

Фестивалга Димаштан сырткары София Ротару, Григорий Лепс, Филипп Киркоров, Светлана Лобода, Зиверт, Нилетто, Полина Гагарина, Пелагея, Валерий Леонтьев, Ирина Аллегрова жана башка белгилүү аткаруучулар конок катары чакырылган.

Эске салсак, жаш аткаруучулардын «Жаңы толкун» сынагы 19-25-август аралыгында Сочи шаарында өтөт. Фестивалда конкурстан сырткары Дима Билан, Александр Розенбаум, ошондой эле Николай Басковдун да мааракесин өткөрүү камтылганын долбоордун жетекчиси Игорь Крутой маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM