Биз менен байланышыңыз

Япония менен АКШ биргелешкен аскер машыгууларды өткөрөт

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 357 | 0

Япониянын кургактагы аскер күчтөрү менен АКШнын аскерлери биргелешкен Orient Shield аскер машыгууларын өткөрөт. Бул тууралуу Япониянын Коргоо министри Нобуо Киси билдирди.

Анын айтымында, машыгуулар 24-июндан 11-июлга чейин Японияда өткөрүлүп, ага 3 миң киши катышат.

«Япониянын айланасында аймактык коопсуздук боюнча кырдаал татаалдашууда. Япониянын коргонуу күчтөрү менен АКШнын аскер күчтөрүнүн кызматташуусун арттыруу өтө маанилүү. Бул нерсе Япония менен Американын стратегиялык альянсынын күчтөнүшүнө салымын кошот», — деген ал.

Япония менен АКШ биргелешкен Orient Shield машыгууларын 1985-жылдан бери өткөрүп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM