Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык эки тасма ШКУ өлкөлөрүнүн кинофестивалына катышат

Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 275 | 0

Кыргызстандык эки тасма Душанбеде өтө турган Шанхай Кызматтыштык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин оюн жана телевизиондук тасмаларынын фестивалына катышат.

Кыргызстандын атынан аталган фестивалда Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» көркөм тасмасы жана Эрнест Абдыжапаров тарткан «Жусуп Абдрахманов» даректүү тасмасы көрсөтүлөт.

Кинофестиваль Душанбеде 29-июндан 2-июлга чейин болуп өтөт. Ал ШКУга Тажикстандын төрагалык кылганына жана уюмдун түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгына карата «Точикфильм» тарабынан уюштурулууда.

Кинофестивалга уюмга мүчө 8 мамлекеттин, байкоочу макамы бар 4 өлкөнүн жана диалог боюнча өнөктөш 6 мамлекеттин оюн жана телевизиондук даректүү тасмалары катышат. Жеңүүчүлөр «Алтын чабалекей» сыйлыгы жана дипломдор менен сыйланат.

ШКУга Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия, Пакистан жана Индия мүчөлүк кылат. Ооганстан, Беларусь, Иран, Монголиянын байкоочу мамлекет, Армения, Азербайжан, Шри-Ланка, Камбоджа, Түркия жана Непалдын диалог боюнча өнөктөш макамы бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM