Биз менен байланышыңыз

Ажикеев: Чүй дарыясы жээктерди жеп отуруп, 800 гектарга жакын жерди жоготтук

Кыска кабар | 22 Июн 2021 | 491 | 0

Чүй дарыясынын суусу жээктерди жеп отуруп, 800 гектарга жакын жерди жоготтук. Бул тууралуу маалымат жыйында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Ал Чүй чек арада турган дарыя болуп саналарын белгилеп өттү.

«Кыргызстандын жери, чек ара деген өтө аялуу тема. Биз 100 метр эмес, ашыкча 1 метрди жоготконго, бергенге макул эмеспиз. Ошол эле учурда Чүй дарыясы жээктерди жеп отуруп, бүгүнкү күнү 800 гектарга жакын жерибизди жоготконубузга эч ким көңүл бурбай эле. Эч ким коңгуроо какпайт. Бирок жазында президент Садыр Жапаров Чүй дарыясынын жээктерин бекемдөө, чек аранын ичке жылышын токтотуу боюнча тапшырма берген. Бүгүнкү күнү эки тилкеде иш жүргүзүп жатабыз», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM