Биз менен байланышыңыз

Эпидемиолог: Антителосу бар жарандар да вакцина алуусу зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Июн 2021 | 743 | 0

Былтыр коронавирус менен ооругандарга кайра жукпайт деген кепилдик жок. Бул тууралуу эпидемиолог Рыскүл Чыналиева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул вирус жаңы болуп, толук изилденип бүтө элек. Анын үстүнө улам мутация болуп жатат. Андыктан, 100 % кепилдик менен бир нерсе айтууга болбойт.

«Мисалы: суу чечек менен бир ооруган киши экинчи оорубайт. Ал эми бул ооруда эч кандай кепилдик жок. Индиялык штаммга антитело жардам бербейт деген сөздөр айтылып жатат. Азыр былтыр ооругандардын көбүндө антитело бар. Бирок ага ишенип жүрө бербей, вакцина алгыла деп чакырат элек», — дейт эпидемиолог.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM