Биз менен байланышыңыз

Жапаров Ибрахим Раисини Ирандын президенти болуп шайланышы менен куттуктады

Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 353 | 0

Президент Садыр Жапаров Ибрахим Раисини Ирандын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстан менен Ирандын мамилелери ар дайым өз ара колдоого жана ишенимге негизделип келген. Биздин конструктивдүү кызматташтыгыбыз Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы достук мамилелердин эки жана көп тараптуу негизде өнүгүүсүнө көмөк көрсөтөт деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Жапаров Ибрахим Раисиге бекем ден соолук, мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Иран элине бакубатчылык жана өнүгүү каалаган.

Ирандагы президенттик шайлоодо Ибрахим Раиси эң көп добуш алды

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM