Биз менен байланышыңыз

Рысбекова балдар үйүндө каза болгон өспүрүмдүн бир тууганы менен жолугушту

Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 465 | 0

Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова бүгүн, 21-июнда, Военно-Антоновка балдар үйүндө каза болгон өспүрүм Игорь Якуниндин бир тууганы Богдан Якунин  менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Рысбекова Богдан Якуниндин инисинин өлүмүнө байланыштуу бардык жүйөлөрүн угуп, учурда окуянын бардык жагдайларын комиссия карап жатканын айткан.

Ошондой эле ал Игорь Якуниндин өлүмүнүн жагдайларына баа берүүнүн жыйынтыгы менен бул каргашалуу окуяга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилиги караларын билдирген.

Рысбекова Игорь Якуниндин өлүмү боюнча тергөө иштери президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экенин белгилеген.

Эскертке кетсек, Богдан Якунин президентке видеокайрылуу жасап, бир тууган иниси Игорь Якуниндин балдар үйүндө каза болушуна байланыштуу ишти көзөмөлгө алууну суранган.

Эскерте кетсек, Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн 12 жаштагы тарбиялануучусу 1-июнда каза болгон. Анын өлүмү 12-июнда белгилүү болгон.

12 жаштагы бала каза болгонго чейин ден соолугу чың болгону тууралуу медициналык маалымкат бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM