Биз менен байланышыңыз

Бишкекте оюн-зоок жайлардын иштөө убактысына киргизилген чектөө алынды

Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 417 | 0

Бишкекте оюн-зоок жана тамактануучу жайлардын иштөө убактысына киргизилген чектөө алынды.

Мэриядан билдиришкендей, мындай чечим мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов менен бизнес өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин эпидемия жана эпизоотияга каршы комиссиянын кезексиз отурумунда кабыл алынган.

Ошол эле учурда аталган жайлар санитардык жана башка талаптарды так аткаруу милдетин алышкан.

Эскерте кетсек, түнкү клуб, ресторан, коомдук тамактануучу жай, кафе, караоке жана барлардын иштөө убактысына 17-июнда чектөө киргизилген. Ага ылайык, аларга түнкү саат 23:00дөн 07:00гө чейин иштөөсүнө тыюу салынган. Ошол эле учурда тамакты алып кетүү менен жеткирип берүү кызматына чек коюлган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM