Биз менен байланышыңыз

ЖРТда эң жогорку балл алган Жайдар: Ийгилигимдин сыры —  менин мугалимдерим

Коом , Кыска кабар | 21 Июн 2021 | 7132 | 0

Бүгүн, 21-июнда Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары расмий жарыяланды. Өлкө боюнча эң жогорку балл алып, «Алтын сертификатка» ээ болгон Каракол шаарындагы  Хусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин бүтүрүүчүсү Жайдар Нургазиев менен маек курдук.

— Жайдар, сизди куттуктайбыз! «Алтын сертификат», андан да эң жогорку балл алам деп ойлодуңуз беле?

— Жок, чынында такыр ойлогон эмесмин. Мен үчүн аябай күтүүсүз жаңылык болду. Биринчи жолу укканда шок болуп, ишенген жокмун. Анан бир аздан кийин түшүнгөндө аябай толкундандым, сүйүндүм. Ата-энем да аябай кубанды.

— ЖРТга кантип даярдандыңыз? Канча убакыт кетти?

— Чынын айтсам, көп даярданган эмесмин. ЖРТга 3 ай калганда даярданып баштадым. Күн сайын өзүм эле 2 сааттай математика жана орус тилине басым жасап окугам. Ар кандай тест, тапшырмаларды аткарып, үйдөн эле убакыт бөлгөм.

— Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Өзүм 17 жаштамын. Балыкчы шаарынан болом. 7-класска чейин Балыкчы шаарынын мектебинде окугам. Андан кийин үй-бүлөлүк шарттардан улам ата-энем менен Каракол шаарына көчүп келдик. Ушул жерден Хусейин Карасаев атындагы түрк лицейине, «Сапат» лицейи деп да айтылат, ушул окуу жайга тапшырып, бул жакта 5 жыл билим алдым.

— Сиз окуган лицей ЖРТга даярдоодо кандай ыкмаларды колдонот, мектебиңиз тууралуу да айта кетсеңиз?

— Биздин лицейде ар бир мугалим бардык окуучуларга бирдей мамиле кылып, бирдей көңүл бурат. Биз үчүн атайын демалыш күндөрү да келип, ЖРТга даярдашат. Негизи эле лицейдин мугалимдери бир жылдан бери окуучуларды ЖРТга аябай каттуу даярдашты десем болот. Ал боюнча иштеп келген агай-эжейлерибиздин тажрыйбасы өтө чоң. Ошондуктан бизге ЖРТ жөнүндө маалыматтарды топтоп берип, сыноо тесттерин да иштеп чыгарганы аябай чоң жардам болду. Ошол эле учурда мамематикадан даярдаган мугалимдерибиздин түшүндүрүү ыкмасы башкача болуп, бизге оң таасирин тийгизди. Мен башка эле окуучулар барып, ушул мугалимдердин колунан тарбия, билим алса, анда алар деле ушундай сыйлыкка ээ боло алат деп ойлойм. Менин ийгилигимдин сыры — менин мугалимдерим. Аларга ыраазычылык билдирем.

— Кайсы окуу жайдын кайсы факультетине тапшырууну көздөп жатасыз? Чет өлкөдөн окусам деген оюңуз барбы?

— Кытайдын Гонконг шаарындагы университетте окууну каалап, дайыма кыялданчумун. Эми мына «Алтын сертификат» алып, кыялым ишке ашты десем болот. Себеби документтерди тапшырууда алар эң биринчи эле ЖРТнын жыйынтыгын сурашат экен. Жыйынтыкты жибергенден кийин мени дароо кабыл алышты. Ошентип мен кыялданган City University of Hong Kong университетинин коомдук илимдер факультетине бюджетке өттүм. Бюджет болгону да аябай кубандырып жатат, үйдөгүлөр да буга аябай сүйүндү. Стипендия да алып турат экем.

— Буга чейин предметтик олимпиадаларга катыштыңыз беле? Кандай сыйлыктарыңыз бар?

— Быйыл англис тили боюнча республикалык олимпиадага катышкам. Экинчи орунду алгам. Лицейде да тил боюнча олимпиадаларга катышып жүргөм. Негизи мен чет тилдерге басым жасап окудум. Өзүм 4 тилде: кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде эркин сүйлөйм.

— ЖРТдан жогорку балл алууну каалаган окуучуларга кандай кеңеш берет элеңиз?

— Эң башкысы, коркпоо керек. Анан бир күндө көп эмес, 1-2 сааттан убакыт бөлүп, көбүрөөк тесттерди жасоо керек. Ошондой эле китепти көп окугула деген кеңеш берет элем. Анткени китеп көп окуган адам ЖРТны оңой эле тапшырат. Себеби ЖРТ — бул: практика, теория эмес. Өзгөчө 10-11-класста окууга көп убакыт бөлүү керек. Канчалык даярдыкты эрте баштасаңар, ошончолук жакшы. Математика, алгебра сабактарын өнүктүргүлө, анткени логикаңар жакшы болсо, анда ЖРТны тапшыруу оңой жана ийгиликтүү болот. Анан сканворд менен кроссворд толтургула, бул да аябай пайдалуу, судоку деген оюнду ойногула деген кеңеш берет элем.

ЖРТнын жыйынтыгы: «Сапат» лицейлеринин бүтүрүүчүсү биринчи болду (тизме)

Copyright © 2017 Maral FM