Биз менен байланышыңыз

УКМК: Улуттук университеттин Ош филиалынан пара алуу схемасы аныкталды

Без рубрики | 18 Июн 2021 | 241 | 0

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош филиалында пара алуу схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

УКМКдан белгилешкендей, аталган университеттин Ош филиалынын айрым кызмат адамдарынын пара алууга катыштыгы бар экени аныкталды.

«Университеттин жетекчилиги окутуучулар менен биргеликте экзамендик сессия жана мамлекеттик экзамендерге кирүүгө уруксат берүү үчүн чет элдик студенттерден пара алуу боюнча схема түзүп алышканы аныкталды. Муну менен алар эл аралык коомчулуктун алдында мамлекеттик университеттердин беделин түшүргөн», — деп билдирет УКМК.

Учурда аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM