Биз менен байланышыңыз

Улукбек Кочкоров: Жарандарыбыздын мигрант болуп жүргөнү — улуттук трагедия

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Июн 2021 | 805 | 0

Өкмөт сыртта жүргөн кыргыз мигранттарына жумуш орун түзүп берип, мекенине кайтарууга аракет кылышы керек. Мындай пикирин мурунку эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мигранттардын өлкө экономикасына кошкон салымы бар. Ал тургай, сомдун куну да мигранттар жөнөткөн акчанын эсебинен эптеп-септеп кармалып турат. Анткени бизде төлөм балансы — экспорт менен импорттун ортосундагы айырмачылык — ошол чет өлкөдө жүргөн мигранттар жөнөткөн акча менен жабылып, сомдун куну кескин түшүп кетпей кармалып турат.

«Өкмөт мигранттар жөнөткөн акчанын суммасын ар дайым сыймыктануу менен айтып келет, бирок бул — улуттук трагедия. Анткени, биз сырттан иштеп келип, өзүбүздө өндүрүлгөн эчтеке жок, таап келген акчабызды жеп-ичип коюп, кайра сырттан товар ташып отура берсек, анда биздин экономика өлөт, экономика өлгөндөн кийин бюджеттин мүмкүнчүлүгү жоголот, бюджетте мүмкүнчүлүк жок болсо, алсыз саламаттыкты сактоо, алсыз билим берүү, элдин коопсуздугун камсыз кылбаган армия жана башка көйгөйлөр болот. Качан гана биздин эмгекке жарамдуу жарандарыбыз Кыргызстандын ичинде иштеп, экономикасына салым кошуп, бизге салык төккөндө гана мамлекет өнүгөт», — дейт ал.

Экс-министрдин пикиринде, мамлекет жыл сайын астына план коюп, жумушчу орундарын түзүп, эмгекке жарамдуу жаштарды акырындык менен мамлекетке кайтарууну колго алуусу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM