Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Жумуш орундарын түзмөйүнчө, жакырчылыкты жоё албайбыз

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Июн 2021 | 1159 | 0

Өкмөттө жакырчылыкты жоюу боюнча программалар бар, бирок алар ишке ашпай жатат. Бул тууралуу мурдагы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн ичинде багыттуу, ырааттуу иш жок. Өкмөт 1 жылдык, 5 жылдык планын бекитет, бирок ошол иштерди жүзөгө ашыруу боюнча көргөн аракетке башка министрлик «акча жок» деген сыяктуу шылтоолор менен бут тосуп чыгат.

«Министр болуп турган кезимде мамлекеттен жөлөк пул алгандарга 1-2 жылдык жөлөк пулун топтоп туруп, кичинекей бизнес ачып берели деген сунуш киргиздим. Кээ бир жакыр үй-бүлөлөр 10-15 жылдап жөлөк пул алып жатып, мамлекеттен баш-аягы 2 миллион сомго жакын акча алыптыр. Ай сайын 800 сомдон берип туруу менен биз жакырчылыкты жоё албайбыз. Даяр балык бере бербей, кайырмак карматалы дедим. 100 тоок же үндүк сатып берсек, же 2-3 саан уй алып берсек, мамлекеттин мойнунда отура бербей, өздөрү да аракет кылмак. Бирок ал демилгемди «жөлөк пулга бөлүнгөн акчаны бизнеске жумшай албайбыз» деп жаратпай коюшту», — дейт экс-министр.

Ал жумуш орундарын түзмөйүнчө, жакырчылыкты жоюу мүмкүн эмес экенин айтат.

«Бүгүн бизде жумуш орундарды түзүүгө эч ким жооп бербейт. 2 жылдай министр болуп турдум, өкмөттүк жыйындарда бир да киши губернатор же акимден «Канча жумуш орун түздүң?», «Жакырчылык канча болуп атат, бул багытта кандай программаң бар?» деп сураганын бир да жолу көргөн жокмун», — дейт ал.

Учурда Кыргызстанда расмий түрдө 160 миңдей жумушсуз бар деп айтылат. Бирок Улукбек Кочкоров иш жүзүндө алардын саны алда канча көп деген ойдо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM