Биз менен байланышыңыз

Козубаев: Токой чарбасында өз ишинин фанаттары гана калды

Жыл сайын 1100-1200 гектар жерге токой тигүү иштери жүрөт, анын 40-50%ы өсүп чыгат. Бул тууралуу Токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Надырбек Козубаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылга чейин Токой чарба мамлекеттик агенттиги токой чарба жумуштарын ижара, жайыт акысынан түшкөн акчанын эсебинен жүргүзчү. 2018-жылдан бери агенттик тапкан акчанын баары түз эле борбордук бюджетке кетип жатат. Бул токой чарба иштерин жүргүзүүдө саал аксатып коюуда.

«Бирок кыйынчылыктарга карабастан, биздин токой чарбасынын кызматкерлери токойду өстүрүп жатат. Былтыр 1 425 гектар экме токой эктик. Өкмөт мамлекеттик бюджеттен 400 гектарга гана акча бөлгөнүнө карабастан, быйыл 14-июнга карата 522, 6 гектар экме токой эктик. Токойчулардын алган маянасы 5 миң сом. Ага карабастан үй-бүлөлөрү менен тоого чыгып, токой аянттарын көбөйтүүгө салым кошуп жатышат. Мындайча айтканда, токой чарбасында өз ишинин фанаттары гана калды», — дейт ал.

Козубаев айлыктын аздыгынан окуу жайды жаңы бүтүргөн адистер башка тармактарды тандап кетип, кадр маселеси курч турганын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM