Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Карантиндик чектөөлөр мындан да катаалдайбы?

Ден соолук , Коом | 17 Июн 2021 | 12527 | 0

Өлкөдө коронавирустун үчүнчү толкуну расмий жарыяланды. Мындан бир аз күн мурдараак Ош облусу жана Ош шаары «кызыл тилкеге» киргизилип, Ош шаарына карантиндик чектөөлөр жарыяланган. Ал эми Бишкек шаарында буга чейин «кызыл зонага» эки гана район кирсе, бүгүндөн тарта шаардын бардык райондору «кызыл аймак» катары аталды.

Ошол эле учурда оюн-зоок жана тамактануучу жайлардын түнкү режимде: кечки саат 23:00дөн таңкы саат 7:00гө чейин иштөөсүнө тыюу салынды. Мындай чечим аталган жайлардын кожоюндарынын санитардык эрежелерди сактабаганынан улам чыкканын Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди. Ошол эле учурда бул чектөөлөр убактылуу экенин жана анчалык катаал болбосун эскертип, оюн-зоок жайлардын иштөө графигин чектөө Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан сунушталганын айтты.

«Учурда күндүн ысыгына байланыштуу сейил бактарда жана көңүл ачуучу жайларда эс алуучулардын саны адаттан тыш көбүрөөк болууда. Өз кезегинде, барлардын жана түнкү клубдардын ээлери санитардык нормалардын убактылуу алгоритмин сактабай жатышат. Бул өзүнүн кедергисин тийгизүүдө». 

Жыл башынан бери Бишкекте COVID-19 инфекциясынын 957 үй-бүлөлүк очогу аныкталды. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымында, шаардыктардын көпчүлүгү ооруп жатканын жашырып коёт, ошондой эле оору аныкталган учурда иштеген жерин айтуудан баш тартышат. Ал шаардыктарды оорусун жашырбай, белгилери байкалса, тиешелүү мекемелерге кайрылууга чакырды.

«Кадимки жеке гигиенанын жөнөкөй эрежелерин сактабагандыктан, үй бүлөлөрдө жугуштуу оорулар көп катталууда. Эгерде жарандар үйдө жөнөкөй эрежелерди сактаса, вирустун алдын алса болот. Мисалы: үйдү жууп-тазалап, андан кийин терезелерди ачып, бөлмөлөрдү желдетүү керек. Мындан тышкары үй-бүлөнүн бир мүчөсүндө вирус бар деп чыкса, анда ал адамды 14 күнгө изоляциялап, башка бөлмөгө жаткызып, тиешелүү буюмдарын берип сактануу керек».

Мындан тышкары Рыскулбекова борбор калаада экинчи ирет коронавирус жуктуруп алгандар аныктала электигин маалымдады.

Санитардык-экологиялык инспекциянын жетекчисинин орун басары Руслан Тагаев тиешелүү органдар менен биргеликте коомдук транспортторго, коомдук тамактануучу жана оюн-зоок жайларга, компьютердик клубдарга рейддер күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүп турарын, коюлган талаптар, санитардык эрежелер бузулса, протокол түзүлүп, айып салынарын эскертти.

«Бул багытта кызуу иштер жүрүп жатат. Жыл башынан бери 764 чарба субьектиси текшерилген. Биздин инспекция тарабынан 104 рейд жүргүзүлгөн. 110 миң сомго протокол түзүлгөн. Бирок башка органдар да текшерүүлөрдү жүргүзүп, айып пулдарды салат, ошондуктан бул сумманын көрсөткүчтөрү дагы да кыйла жогору. Санитардык эрежелерди сактабаганы үчүн мекемеге биринчи биз 2 жолу эскертүү иретинде аз суммадагы айып пул салабыз. Ал эми үчүнчү жолу ири өлчөмдөгү айып пул салынып, мекемени жабууга чейин барабыз».

Ошол эле учурда Тагаев коомдук унааларга адамдардын аралык сактабай түшүп алуусу боюнча берилген суроого Тагаев мындай жооп кайтарды:

«Биз жарандарга карата катаал чараларды колдоно албайбыз. Себеби коомдук транспорт коомдук мааниге ээ жана биз адамдарды эркин жүрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырата албайбыз. Айып пул айдоочуларга жана жүк ташуучу компанияларга гана салынышы мүмкүн. Ошентип учурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте айдоочуларга жана жүк ташуучу компанияларга, санитардык ченемдерди системалуу түрдө бузганы үчүн жазаны күчөтүү маселесинин үстүндө иштеп жатабыз».

Бүгүнкү күндө айрыкча Бишкек, Ош шаарларында, Чүй, Ош облустарында абал оор бойдон калууда. Мындан улам COVID-19 боюнча республикалык штаб аймактар аралык катташууга, жогоруда аталган аймактарга барууга чектөө киргизүүнү сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM