Биз менен байланышыңыз

Итибаев: Сырттан инвестор тартуу үчүн ички инвесторго мамилени өзгөртүү зарыл

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Июн 2021 | 406 | 0

Сырттан инвестор тартуу үчүн Кыргызстан ички инвесторлорго болгон мамилени оңдошу керек. Мындай пикирин Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда өлкөнүн жакшы жагын чыгарып, дүйнөгө тааныткандай англис тилдүү бир да телеканал жок. Андыктан, көп өлкөлөр бизди билбейт. Инвестор тааныбаган өлкөсүнө инвестиция салууга ашыкпайт.

«Биз четтен инвестор тартууга ресурсубуздун аздыгын карап туруп, ички саясатты, мамилени өзгөртүшүбүз керек. Өзүбүздүн ички ишкерлерге, бизнесмендерге мамилени жакшыртсак, анан тышкы инвесторлордо да ишеним жаралып, келип баштайт. Өзүбүзгө өзүбүз өгөй баладай мамиле кылсак, башка мамлекеттен билим алып, кайра Кыргызстанга келип билим алмашайын, мастер-класс көрсөтөйүн деген балдарыбызга суук мамиле кылып жатсак, кантип башкалардын ишеничине кире алабыз?! Азыр brain circulation деген түшүнүк бар, бул — акылдардын алмашуусу. Аларды алып келип Кыргызстанга жашата албайбыз. Бирок келип-кетип иштөөсүнө шарт түзсөк, ошондо мамиле өзгөрүлмөк», — дейт Итибаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM