Connect with us

Коронавирус 459 адамдан табылып, 9 киши каза болду

Кыска кабар | 14 Июн 2021 | 555 | 0

Бүгүн, 14-июнга карата Кыргызстанда коронавирус 459 адамдан табылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, Бишкек шаарында — 178, Ош шаарында — 122, Чүй облусунда — 3, Ош облусунда — 46, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 64, Баткен облусунда — 21 адамдан коронавирус табылган.

Ошол эле учурда 257 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 9 киши каза болгон: Бишкекте — 6, Чүй облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 1 жана Жалал-Абад облусунда — 1 адам.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 2 миң 41 адам, ал эми амбулатордук түрдө 2 миң 949 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 110 миң 829 учур катталды. Анын ичинен 102 миң 890 адам оорудан айыгып чыкты, 1 миң 899 бейтап каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM