Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан менен Тажикстан Зарафшан дарыясына эки ГЭС курууну пландап жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июн 2021 | 642 | 0

Өзбекстан менен Тажикстан Зарафшан дарыясында эки гидроэлектр станция (ГЭС) курууну пландап жатат. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министри Алишер Султонов kun.uz сайтына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн өкмөтү Зарафшан дарыясынын бассейине ГЭСтерди куруу тууралуу макулдашууга кол койгон. Анын алкагында эки баскычта ГЭСтер курулат.

Биринчи баскычта кубаттуулугу 140 МВт болгон Яван ГЭСи салынат. Ал жылына 800 млн кВт/саат электр энергиясын чыгарып турат. Анын курулушуна 282 млн доллар кетери болжолдонгон.

Экинчи баскычта Фандарё ГЭСин куруу пландалууда. Анын кубаттуулугу 135 МВт болуп, жылына 600 млн кВт/саат электр энергия өндүрөт. Бул ГЭСти курууга 270 млн доллар сарпталат.

Министрдин айтымында, аталган ГЭСтерде өндүрүлгөн 1 млрд 400 млн кВт/саат электр энергиясын Өзбекстан керектейт.

Кытай компаниясы Өзбекстанга Күн электр станциясын курат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM