Биз менен байланышыңыз

Кытай компаниясы Өзбекстанга Күн электр станциясын курат

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2021 | 525 | 0

Кытай компаниясы Өзбекстандын Фергана облусунда 700 млн долларлык Күн электр станциясын курууну пландоодо. Бул тууралуу Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги жазды.

Салына турган электр станциянын кубаттуугу 1 миң 200 МВт болот.

Агенттик жазгандай, Фергана облусунун башчысы Хайрулло Бозоров электр станцияны кура турган кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуп, маселени талкуулаган. Анда дүйнөдө энергетикалык ресурстар чектелүү болуп турган учурда бул долбоорду ишке ашыруу чоң мааниге ээ экендиги белгиленген. Электр станцияны куруу боюнча сүйлөшүүлөр узак убакыттан бери жүрүп келген.

Белгилей кетсек, Өзбекстан 2030-жылга чейин Күн электр станцияларынын кубаттуулугун 5 миң, шамал электр станцияларыныкын 3 миң жана гидроэлектр станцияларынын кубаттуулугун 4 миң мегаваттка жеткирүүнү көздөөдө.

Өзбекстандын Шерабад районунда күн электр станциясынын курулушу башталды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM